Америкалык аскер башчы Иранды ооган согушчандарга жардам берип жатат деп ырастады

АКШ армиясынын башкы штабынын жетекчиси адмирал Уиллиам Фэллондын сөзүндө, Ирандын Төңкөрүшчүл гвардиясы оогандык согушкерлерди Ирактагыдай бомбалардын бөлчөктөрү менен камсыздап жатат. Кечээ Ооганстандагы оор салгылаштарда 75 талиб жана аз дегенде алты карапайым адам каза тапты. Ал эми Кабулда жанкечти машинасын жардырганда бир француз аскери жана ооган жараны курман болду.