Мянмарда миңдеген киши аскердик өкмөткө каршы демонстрацияга чыкты

Мянмардын соода борбору болгон Янгондогу акцияны буддист кечилдер жетектеп жатышат. Бул - күйүүчү майдын кымбатташына байланыштуу соңку демонстрациялардын эң ириси болуп калды.