Парламенттеги өкмөттүн ыйгарым-укуктуу өкүлү Мырза Капаровдун билдирүүсүнө караганда, бюджетке канчалык тезирээк өзгөртүү жана кошумча киргизилсе буудай, ун сатып алууга бөлүнгөн 750 миллион сомду пайдаланууга жол ачылат. Өкмөт ушул жумада жыйын куруп, азык-түлүктүн кымбатташына байланыштуу маселени талкууга алып, тийиштүү чечим кабыл алууну көздөөдө. (AiT)