Махмуд Ахмадинежад өзүнө карата айтылган сындарды четке какты

Иран президенти Махмуд Ахмадинеджад Нью-Йорктун Колумбия университетиндеги сөз сүйлөп, аны Холокосту жээригени, адам укуктарын бузганы, терроризимди колдогону үчүн айыптагандарга жооп кайтаруга аракеттенди. Өз сөзүндө Ахмадинеджад Иран өзөктүк курал жасоого умтулуп жатат деген ырастоолорду төгүндөдү. Иран президентинин АКШнын абройлуу жогорку окуу жайларынын биринде сөз сүйлөөсү америкалыктар арасында кызуу талаш-тартыштарды жаратты. Ахмадинеджад Нью-Йоркко БУУнун Башкы ассамблеясына катышуу үчүн келген.