12:30 Аксыдагы "Үмүт жана тынчтык" уюмуна арыз-даттануулар менен быйыл 300 киши кайрылды

Мындай маалымат укук коргоочу уюмдун төрайымы Светлана Варавинадан алынды. Кайрылгандар мамлекеттик мекеме-уюмдардын маселени чечпегендиги, тармактык уюмдардагы кыйынчылыктар, уурулуктун күчөшү, пенсия менен жөлөкпулдарынын аздыгы, соттордун туура эмес чечимдери сыяктуу маселелер боюнча кайрылышкан. Укук коргоо уюму кайрылган жарандарга маселени кантип чечүүнүн жол-жоболору тууралуу кеп-кенештерди берген.(YA)