8:30 Президенттин өмүрүнө кол салууга аракет болгондугу тууралуу маалымат мамлекеттик сыр болуп саналат

Бул тууралуу Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди. Мамлекет башчы Курманбек Бакиев 22-сентябрда “Конституция, реформа жана өнүгүү” кыймылынын жыйынында 2006-жылкы ноябрь митингдеринин тушунда өзүн жок кылууга аракеттер болгондугун, Акүйдүн жанындагы автомашиналардан курал табылгандыгын айткан эле. Коопсуздук кызматы буга карата “Дело№” гезити берген суроого төмөнкүчө жооп берип, мындай мүнөздөгү маалыматтар жашыруун кармаларын, анткени ага байланыштуу оперативдүү-издөө иш-чаралары мамлекеттик сыр болуп эсептелерин билдирген.
Башмыйзамда мамлекеттик жогорку кызматкерлер өмүрүнө кол салууга аракеттер болгонун расмий билдирген соң, күч структуралары кылмыш ишин козгоого милдеттендирилген. (ZKo)