Бүгүн Жогорку Кеңеште депутат Султан Урманаев парламент отурумунда ушундай пикирин билдирди. Парламент танапистен кийин Аксы окуясы боюнча комиссиянын отчетун талкуулап жатат. Комиссиянын түзүлүшүнө депутат Урманаевге айып тагууга уруксат сурап кайрылган башкы прокуратуранын каты негиз берген. Баш прокуратура Урманаевге Аксы окуясы боюнча кылмыш козгогон. Депутат Дооронбек Садырбаев жетектеген комиссия депутат Султан Урманаевге байланышкан маселени комиссия берген сунуштар аткарылгандан кийин кайрылуу чечимин чыгарган. Өз сунушунда комиссия Аксы окуясына тиешеси бар саналган 41 кызматкердин жоопкерчилигин кароону, анын ичинде экс-президент Аскар Акаевдин, азыркы президент Курманбек Бакиевдин, Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмоновдун кол тийбестигин алып, эл аралык сотко кайрылууну белгилеген. (BuS)