Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында кыймылдын мүчөлөрү маалымдады. Колдоо көрсөткөн саясий партиялардын катарында “Менин өлкөм”, “Шериктештик”, “Таза коом” жана башкалар бар. “Бүгүнкү күнү бизди көпчүлүк жарандар, саясий партиялар, бейөкмөт уюмдар, ишкерлер жана окумуштуулар колдоп жатат. Биз саясий тирешүүгө чекит коюп, конституциялык реформаны ишке ашырышыбыз керек”,-деп билдирди кыймылдын мүчөсү Төлөгөн Рахманов. “Конституция, реформа жана өнүгүү үчүн” кыймылы 22-сентябрда негизделген. (ZMa)