12:17 1-октябрдан тарта кары адамдарга социалдык колдоо көрсөтүү боюнча айлык өткөрүлөт

Буга байланыштуу токтомго өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев кол койду. Ага ылайык, министрликтер, мамлекеттик комитеттер , жергиликтүү администрациялар жана ишкана-мекемелер карыларга материалдык жардам көрсөтүүгө тийиш. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарланды. (ZMa)