17:30 Ош облустук ички иштер башкармалыгы бир нече полковниктеринен ажырады

ОШ. Аталган башкармалыктын начальниги Касымбек Майкөзовдун «Азаттыкка» 29-сентябрда билдирүүсүнө караганда, полковник орун басарлары Эсеналы Матеновду, Ураим Ташиевди, олбустук МАИ башчысы Алымжан Чотбаевди элүү жашка чыккандыгына байланыштуу милиция жамааты ардактуу эс алууга салтанаттуу түрдө узатты. Ош облус губернаторунун биринчи орун басары Айтмамат Кадырбаев отставкага чыккан кызматкерлерин ички иштер министрлиги тез эле унутуп коерун баса белгилеп, аларга чукул арада жакшы маяналуу жумуш убада кылды. (ATo)