10:40 Бүгүн бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнү

Бүткүл дүйнөлүк жүрөк федерациясы “Саламаттуу жүрөк үчүн биригели!” деген ураан алдында Бишкекте бир катар иш-чараларды өткөрдү. Аталган федерацияга жүздөн ашуун өлкөлөрдөн 189 кардиологиялык уюмдар кирет. Кыргызстан бул федерацияга 2006-жылы мүчө болуп кирген. Маалыматтарга караганда жүрөк-кантамыр дартынан каза болгон адамдардын саны боюнча Кыргызстан биринчи орунда турат. Себеби, республика боюнча жүрөк оорудан 18 миң адам каза болот экен. Ал эми дүйнө жүзү боюнча жылыга жүрөк дартынан 17,5 млн. адам өмүр менен кош айтышат. (AJ)