13:30 Украинада парламенттик шайлоо өтүүдө

Украинанын парламентине шайлоо жергиликтүү убакыт боюнча саат 7 :00 башталды. Кезексиз өткөрүлүп жаткан шайлоого 21 саясий партия ат салышып, эл шайлоого активдүү катышууда, деп билдирди Украинанын Сума облусунда шайлоого байкоочу катары барган “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын башчысы Жыргал Турдукожоев “Азаттыкка”. Анын айтымында, шайлоодо негизинен президент Виктор Ющенконун “Биздин Украина» блогу, Юлия Тимошенконун блогу, Виктор Януковичтин чөлкөмдөр партиясы катуу күч сынашууда. Кыргызстандан 10 өкүл парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүшүүдө. Ал эми шайлоого эл аралык үч миңден ашуун байкоочу көз салышууда. Украинанын парламентине шайлоодо тизмедеги 37 млн. 400 миң шайлоочу 225 аймактык шайлоо округунда добуш берүүсү каралган. (AJ)