Анда блоггинг жана блогчөйрө; жаңы ММКларды колдонуу: видеокастинг, подкастинг, RSS-feeds өндүү катардагы карапайым жаранга бейтааныш терминдер, түшүнүктөр жөнүндө маалымат берилет. Ошондой эле бул конференцияда интернет баракчаларын жасалгалоо, аларды коопсуз пайдалануу, маалыматтарды жашыруун сактоо жолдору, ыкмалары үйрөтүлөт. ММКлардын жаңы түрлөрү боюнча конференция 1-3-ноябрь күндөрү өтөт. Ага болгону жыйырма адам катыша алат. Иш-чара Transitions Online тарабынан уюштуруулуда. (ElenK)