ИНФЛЯЦИЯ ӨСҮҮДӨ, ДОЛЛАР ТӨМӨНДӨӨДӨ

Октябрь айында Улуттук банк эки жана төрт апталык мөөнөткө баалуу кагаздарын сатыкка чыгара тургандыгын жарыя кылды. 1 миллиард сомдук баалуу кагаздар сатыгы акчанын аз-көбүнө таасир этүүчү ыктуу каражат катары колдонулат. Акча-кредит саясатын жөндөөгө багытталган бул кадам доллардын куну качып, инфляция деңгээли кыйла көтөрүлүп бараткан чакта жасалууда. Ал эми парламентте быйылкы жыл бюджетинде белгиленген улуттук акча менен доллар курсунун ортосундагы айырманы иликтеп чыгуу сунушу айтылды.
Чынында эле быйылкы жыл бюджетинде улуттук акчанын долларга карата катышы 42 сом деп белгиленген. АКШ долларынын куну качып, ушу тапта ал 35 менен 36 сомдун ортосунда калкып туру. Парламент депутаты Карганбек Самаковдун айтуусунда, ортодогу айырманы түзгөн 5 миллиард сомдун дарек-дайнына кызыккан киши жок.

- Бюджеттин чыгаша бөлүгүн биз 34 миллиард 888 миллион сом кылып бекитип бергенбиз. Улуттук банктын курсу менен 1 доллар 42 сомдон деп бекиткенбиз. Иш жүзүндө болсо быйыл доллардын курсу 36 сом болуп турбадыбы. Ошонун айырмасы 5 миллиард сом болуп жатпайбы. Кызылдай эле жеп койгон акча болуп жатат да мындай караганда.

Кош тепкичтен турган быйылкы жыл бюджети маалынан кеч кабылданганы, анда көрсөтүлгөн инфляция деңгээли 4% эчак ашып, жыл аягына чейин 6% чыгып кетиш коркунучу башбактап турганын Улуттук банктын төрагасы Марат Алапаевдин атайын белгилеген жайы бар.

- Инфляциянын деңгээли жылдын аягында 5 же 6% түзөт деп ойлоп жатабыз,- дейт башкы банкчы.

Азык-түлүккө, өзгөчө ундун баасынын кескин көтөрүлүшү инфляцияны күчөтүүдө. Экономика илим доктору Айылчы Сарыбаевдин ырасташынча, бул сырттан товар ташып келип күн көргөн Кыргызстандын тежемел экономикасы үчүн оңбогондой оорчулуктарды алып келүүдө.

- Кыргызстандыкын “виртуалдык экономика” дейт. Реалдуу экономика жок. Элге керектүү товарлардын көпчүлүгү сырттан ташылып келет. Биз өзүбүз дээрлик экспорт чыгарбайбыз. Импорт экспорттон эки эсе көп. Тыш карызыбыз 2 миллиард доллар.

Күчөп бараткан инфляциянын сесин кайтаруу, айлантуудагы акча массасына таасир көрсөтүү максатында Улуттук банк октябрь ичи утурумдук баалуу кагаздар сатыгын баштоого киришти. Улуттук банк төрагасынын кеңешчиси Шамшыбек Молдокановдун айтуусунда, жүгүртүүгө чыгарылган акчалар суроо-талаптан ашып кетсе ал инфляцияга таасир көрсөтүшү мүмкүн.

- Ошон үчүн биз акча массасын жөндөп туруш үчүн баалуу кагаздар чыгарып, банктарга сатабыз. Кайра убагы келгенде аны пайызы менен төлөп беребиз.

Ш.Молдоканов ипотекалык кризиске кабылган АКШ ушу тапта доллардын курсун төмөндөтүп жатканын белгиледи. Анын пикиринде, Кыргызстан базар экономикасынын шарты боюнча сом менен чет эл акчаларынын ортосундагы айырмага чек койбойт. Дегеле бюджетте белгиленген курс менен азыркы айырманын оң-терсин так айтыш кыйын. “Мунун баары экономикага байланыштуу”, дейт ал.

Аптанын аягында Бишкектин айрым акча алмаштыруу жайларында АКШ долларынын курсу 34,5 сомго түштү. Акчасын доллар менен сактаган же четтен келчү жардамга ишенип жашаган жөнөкөй кыргызстандыктарды бу жагдай кыйла сестентип койду.