18:21 Оштун Арек айылынан күйдүргү илдетинин очогу табылды

ОШ. Ош шаарынын башкы санитардык дарыгери Жанарбек Саитовдун “Азаттыкка” маалымдашынча аталган аймакта жугуштуу дарттын дагы 6-7 очогу болушу ыктымал. Азырынча күйдүргүгө кабылган 4 киши ооруканага жаткырылып, дагы бешөө азырынча күмөн. Көз карандысыз мал доктурлар күйдүргү очогу мындан да арбын экендигин, жергиликтүү бийлик аны жарыялоодон чоочулап жаткандыгын билдиришүүдө. (АТо)