КАЗАКСТАНДА ВИЧКЕ ЧАЛДЫККАН БАЛДАРДЫН САНЫ ЖҮЗ ОТУЗ ҮЧКӨ ЖЕТТИ

Казакстанда дагы бир катар балдар ВИЧ инфекциясына чалдыкканы маалым болду. Жергиликтүү бийликтердин маалыматында, түштүк Казакстанда ВИЧти жуктуруп алган балдардын саны 133кө жетти.
Казакстанда ВИЧке чалдыккан балдардын көбү Түштүк Казакстан областынын Шымкент шаарындагы балдардын эки ооруканасында дарыланып жатканда ооруп калышкан эле. Алар негизинен инфекцияны булганч ийне сайгандан жана булганч канды куйгандан жуктуруп алышкан деп саналат.

ВИЧ инфекциясына байланышкан жаңжал 2006-жылы башталган. Кийин СПИД оорусу менен ооруп калган балдардын бир нечеси чарчап калды. Ушундан кийин аталган ооруканаларда дарылганган балдардын ата-энелери арасында кооптонуу күч алган.

Азыр эми ВИЧке чалдыккан балдардын саны дагы көбөйгөнү маалым болууда. Түштүк Казакстан аймактык саламаттык бөлүмүнүн жетекчиси Вячеслав Дудниктин билдиришинче, СПИДке алып келүүчү бул коркунучтуу инфекцияны жуктуруп алган балдардын саны аймакта 133 болду.

Бул окуяларга байланыштуу убагында саламаттык министри Эрболат Досаев кызматтан алынган, дагы бир нече саламаттык кызматкерлери соттолуп, эркинен ажыратылган. Бирок коомчулукта бийликтер курмандыктарга жетиштүү жардам берген жок деп нааразы болгондор чыгууда.

Сагадат Масагуров мурда Шымкенттеги "Балдарыбызды СПИДден сактайлы" аттуу бейөкмөт уюмду жетектеген. Ал Азаттыкка өкмөт медицина кызматкерлеринин кайдыгерлигинен жапа тарткан балдарды колдоо тууралуу убадасын бийликтер аткарган жок деп айтты.

- Жалпысынан айтканда, өкмөт азыр бул окуяга окулуп бүткөн китептей мамиле кылат. Бул катардагы нерсеге айланды. Биз жарым жылда биз баары унутат деп айтканбыз. Айткандай эле болду. Эч ким жапа тарткандарга компенсация төлөө маселесин уккусу да, талкуулагысы да келбейт.

Сагадат Масагуровдун уюму Шымкенттеги кырдаалга биринчи болуп коомчулуктун көңүлүн бурган эле.

Жаңыл Жусубжан, Прага