Жаңылыктар Мьянмада бийликтер демократиянын колдоочуларын куугунтуктоону улантууда 4-Октябрь, 2007 Янгондон келген кабарларга караганда, аскерлер түн ичинде камакка алууларды жүргүзүп жатат. Ошол эле мезгилде соңку нааразылык акцияларын уюштурган буддист кечилдери шаардан качып жатышканы маалымдалды.