Түрк парламентинин спикери Көксал Топтан АКШ Конгрессинин спикерине жөнөткөн катта аталган мыйзамдын жагымсыз таасири ондогон жылдарга созулушу мүмкүн деп айтылат. Конгрессте талкуулана турган мыйзам долбоорунда 1915-1917-жылдары 1 жарым миллиондон ашуун армян Осмон дөөлөтү тарабынан өлтүрүлгөн, армяндарга каршы геноцид орун алган деп айтылат. Мындай айыптоолорду Анкара четке кагып келатат.