10:15 Парламент Кумтөр боюнча жаңы келишимди кароону улантууда

«Камеко» жана «Центерра голд инк» менен кыргыз өкмөтүнүн Кумтөр алтын кени боюнча жаңы келишимди парламент жума күнү карай баштаган. Бүгүнкү жыйын суроо-жооптор менен уланды. Депутаттардын суроолоруна азыр премьер-министр Алмазбек Атамбаев, каржы министри Акылбек Жапаров жооп бере баштады. (SM)