БРИТАН МУСУЛМАНДАРЫ ДИНИЙ ЭКСТРЕМИЗМГЕ КАРШЫ БИРИГҮҮДӨ

Нарын АЙЫП, Прага Улуу Британияда азыр көптөгөн мусулман уюмдары бар, мечиттердин саны болсо миңден ашат. Алардын арасында диний экстремизм идеяларын тараткан уюмдар дагы кездешет, ошондуктан исламдык уюмдар жакында жаңы бирикме түзүп, өз алдына экстремизмге каршы күрөшүү максатын койду.
Улуу Британиянын аймагында катталган исламдык уюмдар сентябрда Бирмингем шаарында атайын жыйын өткөрүп, "Мусулман коомдорунун өнүгүү тармагы" деп аталган бирикме түздү. Анын улуттук координатору болуп шайланган Мохсин Аббастын айтымында, экстремизм алдында коомдук уюмдун баары динине жана маданиятына карабай биргелешип аракеттенүүгө тийиш:

"Диний эмес адамдар динчилдерди улам көп түшүнбөй баратат. Мындай эки жаатка бөлүнүү кандай болбосун деңгээлде коркунучтуу, анын алдында биз баарыбыз биригиш керекпиз. Жалаң гана мусулмандар эмес, христиандар, жөөттөр, динге ишенбеген ишмерлер биригүүгө тийиш", - дейт Аббас.

Британияда аракеттенген исламдык уюмдардын арасынан эксперттер Деобанди деген уюмду өзгөчө белгилейт. Анын мүчөлөрү негизинен - Пакистан, Кашмир, Индия, Ооганстан жана Бангладештин өнүкпөгөн аймактарынан келгендер. Ооганстанды беш жыл бою бийлеген Талибан кыймылынын мүчөлөрүнүн көбү дагы Деобанди окуусун колдогондор болгон. Алар башка диний уюмдар менен мамиле түзүүдөн качат жана өздөрү ишенгенди гана туура деп эсептейт.

Акыркы жылдарда болсо Британиянын аймагындагы 1350 мечиттин алты жүзгө жакыны жана өлкөдөгү 26 медресенин он жетиси Деобандинин көзөмөлүнө өткөн. Ошондуктан айрым мусулман уюмдары өздөрү мечиттерге көзөмөл салууну талап кыла баштаган:

"Мечиттер жана медреселер боюнча өкмөт атайын комиссия түзүш керек, алардын ишине өкмөт байкоо салып, алар эмне окууну таратып, эмне кылып жатканын билүүгө тийиш", - дейт Британиядагы Мусулман институтунун деректири Гаясуддин Сиддики.

Оксфорд шаарындагы Исламдык билим берүү борборунун башчысы Таж Харжинин айтымында болсо, европалык мамлекеттерде жашаган мусулмандар өздөрү Ислам динин көп жакшы түшүнбөйт, ошондуктан динаятчыларды алар Азия мамлекеттеринен чакырат. Келгин мугалимдер болсо көптөгөн учурларда өздөрү менен экстремисттик идеяларды дагы ала келет.

Диний экстремизмге бөгөт коюу үчүн эң биринчи кезекте мусулмандар өздөрү диний жагынан билимдүү болгону жакшы: "Британияда жашаган ар бир мусулман өзүнө өзү жетиштүү болууга тийиш. Башкача айтканда, алар өздөрү Курани Каримде жазылганды жана пайгамбар калтырган салттарды түшүнгөндөй болуш болбойт. Ал келгиндер болсо өлкөгө Исламдын өтө агрессивдүү жана чектелген түрүн алып келип таратып жатат", - дейт Харжи.

Анын айтымында, Британияда көптөгөн исламдык уюм бар, алардын арасында Хизб ут-Тахрир, Жамаат ал-и-Ислами, Мужахирон жана башкаларды атаса болот. Бирок диний экстремизм идеяларын жергиликтүү коом арасында эң көп тараткан жана мамлекетке эң чоң коркунуч түзгөн уюм - Деобанди. Анын жетекчилери жихадка чакырган учурлар да болгон.