8:33 Азык-түлүккө баанын кымбатташына байланыштуу президент жыйын курду

Шейшембиде кечинде болгон жыйынга өкмөт мүчөлөрү, губернаторлор катышып, президент экономика жана соода министри Сабырбек Молдокулов жана антимонополдук агенттиктин башчысы Иманкадыр Рысалиевдин ишин кескин сынга алды. Жыйында өлкөдө буудайдын жетиштүү экендиги белгиленип, премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин муниципалдык наавайканаларды ачуу, аз камсыз болгон үй бүлөлөргө жардам берүү демлигелери колдоого алынды. Абалды түзөө үчүн өкмөткө сунуштар берилди. Анда күздүк, жаздык айдоолорду сапаттуу жүргүзүү, мамлекеттик кампага өз убагында эгин төгүү, четтен жогорку сапаттагы буудай алып келүү жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоону жолго салуу белгиленген.(AiT)