Министр Сабырбек Молдокуловду өз арызына ылайык бул кызматтан бошоткон жардыкка президент Курманбек Бакиев бүгүн эртең менен Баткен облусуна сапарга чыгаар алдында кол койгону кабарланууда. Баткен облусунун активи менен жолугушуу учурунда президент экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги ундун кымбатташына байланышкан кырдаалга учурунда чара көрө албаганын, ошондой эле анын алдын алуу жана жөнгө салуу боюнча өкмөткө өз сунушун айта албаганын билдирди.(SM)