8:46 Өкмөт башчы Түштүк Кореялык «POSKO» компаниясынын вице президенти менен жолугушту

Бул компания темир өндүрүү боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турат жана Казакстанда жылына бир миллион тонна цемент чыгаруучу завод куруп жатат.Вице-президент Чон Те Хандин айтымында, ал Кыргызстанда темир жол курууга кызыгууда. Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев буга байланыштуу Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу жана Каракече көмүр кенин карай темир жол куруу күтүлүп жатканын маалымдап, ал боюнча тендерге катышууга кореялык компанияны үндөдү.(AiT)