АКШнын Конгрессинин комитети армяндарга байланыштуу геноцид жасалган деген резолюция кабыл алды

Ал чечимде 1915-жылы Осмон империясы учурунда армяндардын кырылышы геноцид катары бааланды. Анда 1.5 миллионго чейин армян кырылган деген маалымат бар. Мындай чечим кабыл алууга президент Жорж Буш каршы чыгып, ал эки мамлекеттин мамилесине терс таасирин тийгизээрин эскерткен. Конгресстин эл аралык комитети кабыл алган чечимди эми Эл өкүлдөр жыйыны жана Сенаттын карашы күтүлүүдө.