13:22 Е. Авдеева: Көз карандысыз басылмаларга соттор аркылуу кысым көрсөтүлүүдө

Мындай билдирүүнү “Белый пароход” басылмасынын башкы редактору бүгүн жасады. 21-сентябрда Свердлов райондук соту “Электр станциялары” акционердик коомунун жетекчиси Сапар Балкыбековдун доо арызын канаатандырып, “Белый пароход” гезитин 20 миң сом, анын башкы редактору Елена Авдееваны 30 миң сом айып пул төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарган. Авдеева райондук соттун чечимин негизсиз деп эсептейт, себеби сот ал өлкөдөн сырткары жүргөндө өткөн. Баш редактор кайсы сөздөр үчүн айыпталганын да билбейт. “Белый пароход” гезити “Электр станциялары” ишканасындагы мыйзам бузуулар боюнча журналисттик иликтөөлөрүн өткөн жылдын октябрь айынан тартып жарыялай баштаган. Энергетикалык ишкананын жетекчилиги өз кезегинде гезит жарыялаган фактыларды жалган деп эсептеп сотко кайрылган. (JTo)