16:17 Ч. Абышкаев: Бекназаровду кармап-камоо Башкы прокуратура менен макулдашпай жасалган

Жалалабатта Аксы окуясы боюнча өтүп жаткан сотко күбө катары келген мурдагы баш прокурор Чубак Абышкаев депутат Азимбек Бекназаровго карата кылмыш иши аны менен макулдашылбай ачылганын билдирип, убагында анын баш коргоо чарасын өзгөртө албаганы үчүн аксылыктардан кечирим сурады. Бул тууралуу жабырлануучулардын соттогу өкүлү Азиза Абдрасулова билдирди. Областтын мурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергенов Чубак Абышкаевдин көрсөтмөсүн четке кагып,кылмыш иши аны менен макулдашылып ачылганын билдирди. Орозо айт майрамына байланыштуу Аксы окуясын Жалалабатта териштирип жаткан Бишкек гарнизондук соту эмки жуманын шейшембисине чейин тыныгуу жарыялады.(YA)