9:21 Кыргызстан калкынын 43% жакыр, 11% өтө кедей

Мындай маалыматты Азия өнүктүрүү банкы жарыялагынын «24 кg» маалымат агенттиги кабарлады. Маалыматка караганда, жакырлардын басымдуу көпчүлдүгү айылдарда турушат. «Советтик системадан чыкканына 16 жыл болгон өлкөдө дагы эле саясий туруксуздук, өкмөт, парламент, өкмөттүк эмес уюмдар арасында талаш-тартыштар орун алып келатат. Кырдаалды инфраструктуранын начардыгы, кошуна мамлекеттердин протекциялык саясаты ого бетер оорлоштурууда»,- деп белгиленген маалыматта. (AiT)