Германиялык радиого берген интервьюсунда Рудольф Блекшмидт анын коопсуздугун камсыздаш үчүн кошо жүргөн ооган полициячылары талип барымтачылары менен байланышта болгон деп болжолдойт. Блекшмидт жана дагы 4 ооган жараны кечээ бошотулган, алар менен кармалган дагы бир немец инженерин талиптер июль айында атып өлтүрүшкөн.