Азербайжанда тик учак Каспий деңизине кулап, бийликтердин кабарлоосунда 6 киши каза тапты

Азербайжан аба жолдоруна таандык Ми-8Т тик учагы кечээ мунай платформасынан көтөрүлгөндөн көп узабай кулап түшкөн. Кырсыктын себептери белгисиз. Авиакомпаниянын ырастоосунда, аба ырайы жакшы болчу жана учактын техникалык абалы текшерилген.