“Конституция, реформа жана өнүгүү үчүн” кыймылынын бүгүнкү форумунда түзүлүп жаткан партия тууралуу пикирин президент бүгүн ишкерлер менен болгон жолугушуусунда билдирди. Мамлекет башчы жаңыдан түзүлгөн партия аткаминерлердин жана жетекчилердин эмес, эмгекчилердин партиясы болорун билдирип, бул партия өнүгүүнүн алдыңкы жолуна багыт алат, деген сөзүн айтты. (ZKo)