8:10 Президент бүгүн жергиликтүү бийлик башчылары менен жолугушат

Өкмөт үйүндө өтчү бул жолугушууга өлкөдөгү айыл өкмөттөрдүн жана кичи шаарлардын башчылары катышмакчы. Жергиликтүү бийлик башчыларына алдыдагы референдумга коюлчу баш мыйзамдын жаңы долбоору тууралуу атайын окуулар уюштурулуп, эки күндөн бери аларга бул боюнча маалымат берилүүдө.(SM)