Лондондун Хитроу аэропортунда эки жүргүнчү учак кагылышып кетти

Британ маалымат каражаттары андан эч ким олуттуу жаракат албаганын кабарлоодо. «Бритиш Эйруэйз» менен Шри-Ланканын авиакомпаниясына таандык учактар учууга даярдык көрүү алдында кагылышып кеткен.