Тегеранда бүгүн Каспий деңизин жээктеген 5 өлкө башчыларынын саммити ачылат

Белгилүү болгондой, Орусия, Азербайжан жана Казакстан Каспийдин алдындагы табигый байлык ар бир өлкөнүн деңизди жээктеген жер үлүшүнө жараша бөлүнсүн деген пикирде. Түркмөнстан менен Иран баары беш өлкө ортосунда тең бөлүнүшүн каалайт. Саммитке катышканы жаткан президент Путин Иранга 1943-жылдан бери барган алгачкы Орусия лидери болуп калды.