11:30 “Таза шайлоо” ассоциациясы референдумга карата көз карандысыз мониторинг жүргүзөт

Бул үчүн өлкөнүн ар бурчуна сегиз жүздөн ашык көз карандысыз байкоочулар жиберилет. Байкоо референдум өткөн күнү жүргүзүлөт. Анын жыйынтыгы 22-октябрда жарыяланмакчы. “Таза шайлоо” ассоциациясы 2007-жылы негизделген бейөкмөт жана көз карандысыз уюм.(EK)