16:00 Ундун баасын ашыра көтөрүп жиберген ишкерлер аныкталды

Мындай маалыматты салык жана төлөмдөр боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Темирбек Курманбеков бүгүн президентке отчет берип жатып, маалымдады. Анын айтуусунда салык жана төлөмдөр боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү учурунда ун чыгарган “Яшар”, “Москва”, “Мариям” жана “Эл-Нур-Дан” ишканалары ундун баасын негизсиз көтөрүп жиберишкендиги аныкталган. 1 кг буудайдын баасы кошумча нарк салыгын кошуп эсептегенде 7,42 сом турат. Ал эми 1 кг ундун өздүк баасы 11 сомдон ашпайт. Текшерүү учурунда “Яшар” фирмасы өзүнүн тармактык соода түйүндөрүнө унду ушул баада жиберерин, бирок соода түйүндөрүндө ун үч эсе кымбат баада сатылары аныкталган, деп кабарлады президенттин басма сөз кызматы. (ZKo)