Бүгүнкү сот ишинде да тараптардын жарыш сөзү улантылып, соттолуучуларга акыркы сөз берилиши мүмкүн. Кечээки сот жараянындагы жарыш сөз учурунда башкы прокуратуранын өкүлү Арстан Аракеев соттон ички иштер министринин мурдагы орун басары Садырбек Дубанаевди 10, облустун мурдагы прокрурору Зоотбек Кудайбергеновду 7, облустук милициянын мурдагы башчысы Кубанычбек Токобаевди 11 жылга эркинен ажыратууну суранды. Бишкек гарнизондук аскер соту бул ишти Жалалабат шаарында ушул айдын башында карап башатаган.(SM)