Улуттук банктын төрагасынын орун басары Сүйөркул Абдыбалы тегиндин билдиргенине караганда Кыргызстанга наркы беш жүз сомго чейин түзгөн төрт вагон тыйын алып келинген. Улуттук банк бул тыйындарды 2008-жылдын башынан тарта айлантууга киргизүүнү пландаштырууда. “Айрым техникалык маселелерди чечүүгө жана финансылык чыгымдарга карабастан, тыйындардын киргизилиши мамлекет үчүн чоң пайда. Себеби тыйындардын жарактуу мөөнөтү он беш жылга чейин жетет. Мындай фактор азыркы экономикалык кырдаалда туруктуулукту пайда кылат, анткени базар бааларынын узак мөөнөт аралыгында көтөрүлүү шартында тыйындар киргизилбейт эле”, - дейт Сүйөркул Абдыбалы тегин. (ESu)