16:29 Америка университетинде “Балдардын укугу жана ММК” темасында семинар өтүүдө

Аталган семинарды Борбор Азиядагы Америка университетинин “Журналистика” программасы жана БУУнун Балдар фонду өткөрүп, ага шаардык ЖОЖдордун журналист - студенттери катышууда. Семинардын алкагында катышуучулар Кыргызстандагы балдардын укугун коргоо мыйзамдары жана балдар укукгу боюнча конвенциясы менен таанышып чыгышат. “Биздин эң негизги максат – бул жаш журналисттерге балдардын укукгу тепселенген учурларды туура өңүттө чагылдырууну үйрөтүү”, - дейт “Журналистика” программасынын мугалими Радик Зюльхитжинов. Семинар 15 – 19 октябрьда Америка университетинде өтөт. (ESu)