Бүгүнкү Курманбек Бакиев 2003-жылкы Аскар Акаевди элестетет. 2003-жылдын январь айында Аскар Акаев референдум жарыялап, ага өз Конституциясынын долбоорун алып чыккан. Ошол кезде азыркы Мамлекеттик катчы А.Мадумаров Акаев Конституциясын «Абсолюттук монархия орноткону жатат!» деп сындап радикал оппозициянын катарында жүргөн. Азыркы президент Курманбек Бакиев ошол референдумду мыйзамсыз дегендер менен кошо каршы колун койгон. Акаев так ошол 2003-жылы өзүнүн «Алга, Кыргызстан!» партиясын түзүп, башкалардын жолун бууйм деп атып өлкодө кырдаал күчөгөн. «Алга, Кыргызстан!» акыры каражолтой болгон. Эми, Бакиев «Акжол, Кыргызстан!» деп партия түздү. Эмблемасы чочутат. Ак фонго кызыл түс менен кыска, өтө кууш жол тартылган. Президент Бакиев түзгөн «акжол…» да каражолтой болбосо экен… Мына ушинтип «Алга, Кыргызстан!» тирилди деп жазган «Де-факто» гезити, мурдагы А.Акаев парламенттик шайлоодо Бишкектин №24 мектебинде добуш берип жатып, бюллетенин урнага салайын дегенде колунан ыргып, ары жакта жөлөнүп турган желек да кулап түшкөнүн эскерип, азыр биз Бакиевдин кадамдарына эмес, так ошол 2003-жылдын окуялары кайрадан так өзүндөй кайталанып жатканына таң калып жатабыз. 2005-жыл кайталанбаса экен. Алакандай Кыргызстан дагы бир революцияны көтөрө албайт, деп жазды. Ошол эле учурда белгилүү коомдук ишмер А.Эркебаев Бакиевдин бул кадамын колдоорун, чындыкты жаап-жашырбай айтканда мүлтүлдөбөй чыныгы жолго эми түшкөнүбүздү, мындай тажрыйба саны көп партияларды ирилештирип, атаандаштыкты сапаттык деңгээлге көтөрөрүн, Бакиев бетин чүмбөттөбөй ачык күрөшкө чыкканын, өз кайсы партияда болорун референдумдан кийин аныктаарын, бирок бийликке ыктаган партияда болбой тургандыгын кеп кылды.
«Лица» гезити да окурмандардын эсине ошол өткөн окуяларды кайрадан салды. Акаевдин 2003-жылдын 15-январындагы референдумуна каршы болочок Мамлекеттик катчы А.Мадумаров башында турган депутаттар маалымат жыйынын өткөрүп, Акаевдин референдумун мамлекеттик төңкөрүш деп баалаганын, болочок министрлер И.Кадырбеков менен И.Исаков да Адахандын айтканын айтышканын, маркум А.Масалиев референдумду демократиялык Кыргызстан үчүн шылдың деп баалаганын, Кыргызстандын өкмөттүк эмес уюмдары аянтка символдуу түрдө табыт жасап алып, кыргыз демократиясын жерге берүү зыйнатаын өткөзмөкчү болгонун… Т.Исмаилова Кыргызстанга акчалай жардам берүүнү мындан ары токтотуу боюнча эларалык уюмдарга кайрыларын билдирсе, Ж.. Жекшеев Кыргызстанды таштап башка өлкөлөрдөн башпаанек сураганга дейре барарын айтып чыгышканын… Мына ошентип кечээ эле Акаевдин дал ушундай мыйзамсыз жол менен-референдум аркылуу кабыл алынган, азыркы Мамкатчы А.Мадумаров аны «абсолюттук монархия» деп атаган, азыркы министр И.Кадырбеков аны мамлекеттик төңкөруш деп атаган, азыркы президент аны мыйзамсыз референдум деп атаган жана ага каршы добуш берүүгө элди үндөгөн Конституция менен баарыбыз чогуу жашап жатпайбызбы деп баяндады.
«Апта» гезити аркылуу референдумга коюлган Башмыйзамда жаратылыш байлыктары жеке менчикке берилет деген жобо киргизилгенин, бүтүндөй эл каршы турган ХИПИКтин негизги талаптарынын бири да дал ушул жобо болгонун, бул жобого ылайык жер байлыктары: токой, мөңгү, дарыя, көл ж.б. жеке менчикке кетүү коркунучу барын, кыргызга уруксат берсең заматта талап алып бөлүп кетерин 15 жылдык тарых көрсөткөнүн, Акаев жерге жеке менчик киргизүүнү 5 жыл аракет кылып, парламент менен чабышып жүрүп, акыры референдум аркылуу өткөрүп тынганын, ал эми азыркы бийлик эчким менен кеңешпей туруп, кыргыздын бизден кийин келе турган келечек муундарына кызмат кылуучу жалпы элдин энчисин жеке меничикке бергени турганын, бул туура эмес кадамга каршы «Ата Мекен» партиясы президент К.Бакиевге долбоордон ошол жобону алып таштоону сунуш кылып кайрылганын анын лидери Ө.Текебаев маалымдады.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ