14 талапкер кол койгон кайрылууну 18-октябрда Ак үйгө тапшыргандыгын алардын жактоочусу Жыпара Паргыбаева “Азаттыкка” маалымдады. Анын сөзүнө караганда, 7-октябрдагы шайлоого шаар жетекчилиги ачык кийлигишип, участокторго студенттер, чоочун кишилер тобу атайын транспорт менен ташылып турган, кимдер өтөөрү да күн мурунтан белгилүү болгон. Адам укугу жана демоктратия борборунун директору Идирисбек Кубатбеков 7-октябрда шайлоо комиссиялары башаламан түзүлгөндүгүн, начар иштегендигин, ошого жараша кадам сайын мыйзам бузууларга жол коюлгандыгын баса белгиледи. (ATo)