Ирактын түндүгүндө миңдеген күрттөр нааразылыкка чыгышты

Алар Түркия парламентинин күрт жикчилерине каршы аскердик операция жүргүзүүнү колдогон чечимине нааразылык билдиришти. Түркия менен чектеш Ирактык күрттөрдүн Дахук шаарында беш миңдей киши БУУнун кеңсеси алдына жөө жүрүшкө чыгышты.