Евросоюздун лидерлери Биримдикти реформалоо келишимин макулдашышты

Португалияда чогулган Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн жетекчилери - мурда Дания менен Франция шайлоочулары четке каккан орток конституцияны жаңы келишим менен алмаштырууну туура тапты. Документ Биримдикке мүчө 27 өлкөдө ратификациялангандан кийин 2009-жылдан тарта күчүнө кирет.