11:49 А.Акаев жана анын жакындарына байланыштуу козголгон кылмыш иштердин алкагында Аскар Акаевдин өзүнө кылмыш иши козголгон жок

Бул тууралуу Башкы прокуратурада бүгүн болгон маалымат жыйынында айтылды. Башкы прокуратуранын башкармалыгынын башчыларынын айтымында, тергөө ишинин жүрүшүндө Аскар Акаевдин кайсы бир кылмыш ишке тиешеси бар экени аныкталган эмес. Жалпысынан мурунку президенттин жакындарына байланыштуу 106 кылмыш иши козголуп, анда 545 миллион со 32 миллион доллар зыян келтирилгени көрсөтүлгөн. Тергөөнүн жүрүшүндө келтирилген зыяндын 210 миллион сом мамлекетке кайтарылып, 1 миллиард 400 миллион сомдук мүлк камакка алынган. Азыркы мезгилге карай 106 кылмыш иш 30 кылмыш ишке бириктирилип, анын айрымдары боюнча тергөө иштери улантылса, көпчүлүгү кыскартылган , же токтотулган. (AiT)