8:09 Кыргыз спортчулары АКШда бокс боюнча дүйнө чемпионатына катышат

Чемпионат бүгүн АКШнын Чикаго шаарында башталат. Бул тууралуу Бокс федерациясынын башкы катчысы Бедалы Алымкулов маалымдады. Анын айтымында, бул чемпионатта 2008-жылы Бээжин шаарында өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомолор ойнотулат. “Биринчи орундан сегизинчи орунга чейинки жеңүүчүлөр абройлуу эл аралык мелдештердин катышуучулары болуп калат”,-деди Б. Алымкулов. (ZMa)