8:38 Чернобыль кырсыгынан жапа чеккен майыптар боюнча соттук угуулар бүгүн улантылат

Өлкөнүн өкмөтү жана Башкы прокуратурасы менен чернобылчы-майыптар ортосундагы соттук тирешүү уланууда. Бул тууралуу “Чернобылчылар союзу” бирикмесинин президенти Кадырбек Сасыкулов билдирди. Анын айтымында, өкмөт 1986-жылы Чернобыль атомдук электр станциясындагы жардыруунун кесепеттерин алдын-алган ыктыярчыларга белгилүү бир өлчөмдө акча төлөп берген эмес. “Башкы прокуратура болсо, өз кызматын кыянаттык менен пайдаланып келет”,-деди аталган союздун өкүлү Кубатбек Кожоналиев. "Чернобылчылар союзу" өкмөттү жана Башкы прокуратураны сотко берип, аларды бир миллион сом доого жыгууну көздөөдө. (ZMa)