Казакстан Каспий деңизинин жанында аскер-деңиз күчтөрүн негиздөөгө аракет жасайт

Бул тууралуу Рейтер агенттигине өлкөнүн коргоо министри Даниал Ахмедов билдирди. Анын айтымында, Орусия Казакстанга аскерий жабдыктарды, курал-жаракты саткан негизги өнөктөш катары кала берет. Ошону менен бирге расмий Астана Түркия жана Израил менен дагы бул багытта кызматташууну четке какпайт.