8:12 Нарын районунун акимине кылмыш иши козголуп, кызматынан бошотулду

Нарын районунун акими Адамис Куланбаевге карата кылмыш иши козголгон соң, ал кызматынан бошотулду. Бул тууралуу буйрукка кечээ өлкө башчысы Курманбек Бакиев кол койду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, А. Куланбаев райондук администрациянын жана айыл чарба департаментинин кызматкерлери менен райондун жакыр тургундарына делген 30 тонна буудайды сатып, пайда табууга аракет кылган. Учурда Куланбаевге айып тагылып, тергөө иштери жүрүп жатат. (ZMa)