22-октябрдан бери токтобогон өрттүн айынан Калифорния штатында чукул кырдаал жарыяланды. Алдын-ала эсептөөлөр боюнча өрт алып келген чыгымдар бир миллиард доллардан ашты. Сан-Диегонун полициясы кабарлагандай, тилсиз жоо беш адамдын өмүрүн алып кетти. Төрт күндөн бери штаттан миллионго жакын тургун чыгарылды.