Ал бүгүн Карачи шаарынан өзүнүн кичи мекени катары эсептелген кыштакка барды. Бул - Бхуттонун жакында Карачиде анын өмүрүнө кол салуу аракетинен соң сыртка алгачкы ирээт чыгуусу. Сегиз жылга созулган сүргүндөн соң алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу максатында Беназир Бхутто мекенине өткөн аптада кайтып келген эле. Карачиде аны коштогон автокербендин жолунда болгон кош жарылуудан 140тай киши каза тапкан.