11:41 БШК: Шайлоого катышууга каттоодон өтүү үчүн документтер 18-ноябрга чейин кабыл алынат

БШКнын маалымат бөлүмүнүн өкүлү Кыял Бектурованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, саясий партиялардан документтер 18-ноябрь саат 18:00гө чейин кабыл алынат. Аталган документтерди БШК 25-ноябрга чейин карап, каттоо тууралуу чечим чыгарат. БШКда катталган 50 партия бүгүнтөн тарта күрөөгө акча коюп, шайлоо фонддорун түзө баштады. (MSu)